01:34
USD 88.66
EUR 94.91
RUB 0.96

Казакстандын президенти: Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын бюджети кыскартылат

Казакстандын аймагындагы суу ташкынына байланыштуу өлкөнүн президенти Касым-Жомарт Токаев ири иш-чараларды өткөрүүдөн баш тартууну тапшырды. Бул тууралуу centralasia.media басылмасы билдирди.

«Мен бюджеттик каражатты үнөмдөө үчүн ири эл аралык форумду өткөрүүдөн баш тарттым. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын бюджетин кыскартабыз. Мындай иш-чараны өткөрбөй коюуга болбойт, бирок бюджети кыйла кыскарат. Мындан тышкары, Токиодогу Бүткүл дүйнөлүк көргөзмөсүнө катышууда өлкөбүздүн бюджети кыскартылат», — деди ал Түндүк-Казакстан облусунун тургундары менен жолугушууда.

Эскерте кетсек, V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2024-жылы 8-14-сентябрда Астанада өтөт. 2014, 2016 жана 2018-жылдары Кыргызстанда, 2022-жылы Түркияда өткөн. Мелдешке дүйнөнүн 100дөн ашуун өлкөсүнөн 4 миңге жакын спортчу катышат.

Эң көп окулган жаңылыктар