13:07
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Активист Алнур Ильяшев Казакстандын мамкатчысын сотко берди

Алматылык активист Алнур Ильяшев өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына шаардык сот анын Казакстандын мамлекеттик кеңешчиси Ерлан Каринге каршы доо арызын кабыл алганын билдирди.

Ильяшев соттон Карин жетектеген саясий репрессиянын курмандыктарын реабилитациялоо боюнча мамлекеттик комиссияга жана Казакстандын билим берүү министрлигине Казакстанда «1993-жылдан кийин саясий жактан репрессияланган жүздөгөн адамдарды жана азыркы ондогон саясий туткундарды реабилитациялоону» тапшырууну суранып жатканын билдирди.

«Эгерде мамлекеттик кеңешчи жана мамкомиссиянын жумушчу органы өз ыктыяры менен бул ишти баштабаса, анда аларды сот аркылуу мажбурлоого туура келет», — деди активист.

Ильяшевдин айтымында, бүгүн, 3-июлда расмий «макулдашуу процедурасы» күтүлүүдө.

Казакстан бийлиги өлкөдө саясий куугунтук, ошондой эле саясий туткундардын бар экенин четке кагып келет.

Эң көп окулган жаңылыктар