12:40
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Казакстандагы суу ташкыны: 72 миңден ашуун адам эвакуацияланды

Казакстанда суу ташкыны башталгандан бери 72 миңден ашуун адам жашаган жеринен коопсуз жактарга эвакуацияланды. Бул тууралуу өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады.

Ага ылайык, куткарылгандардын 16 миңдейи балдар. Эвакуациялангандардын үчтөн бири гана убактылуу башпаанек жайларда калды, калгандары жакындарынын жана туугандарынын үйлөрүнө кетишти.

Бүгүнкү күнү Батыш Казакстан, Атырау, Актөбө, Караганды, Костанай, Түндүк Казакстан жана Акмоло облустарында абал оор боюнча калып жатканы кабарланды.

«Акмоло облусундагы эки ири суу сактагычтар 99 пайызга чейин сууга толду, экөө тең транзиттик режимде иштеп жатат. Актөбөдөгү эки суу сактагыч 96 пайыз толду», — деп билдирди Суу ресурстары жана ирригация министрлигинин өкүлү Мөлдүр Абдуалиева.

Аймактардагы куткаруу иштерине ӨКМ, Коргоо министрлиги жана Улуттук гвардиянын тик учактары тартылды.

Министрлик 7-апрелге карата 7,5 миллион метр куб эриген суу сордурулуп алынганын маалымдады.

Эң оор абал Атырау облусундагы 66 миң калкы бар Күлсары шаарында экени айтылууда. 6-апрелдин кечинде аймактан 28,5 миң адам, анын ичинде 6 миң 718 бала эвакуацияланган. Эл коопсуз жактарга кайык, тик учак жана аскер техникасы менен чыгарылууда.

Атырауда 7-апрель күнү Улу-Жем дарыясынын нугун буруу үчүн жасалма плотиналарды жардыруу иши башталды. Акимчиликтин маалыматына караганда, аларды учурунда дыйкан чарбалар суу чогултуу үчүн курушкан.

Кустанай облусунда Тобол дарыясындагы суунун деңгээли көтөрүлүп, 600 сантиметрлик чектен өтүп, 825 сантиметрге жеткени кабарланды.

7-апрелдин таңына карата жалпы Казакстанда 3 миң 686 жер үй, 557 короо жана 1 миң 822 дача жайлар суунун алдында калды. Бул көрүнүш Атырау, Актөбө, Акмоло, Кустанай, Батыш Казакстан, Түндүк Казакстан жана Павлодар облусунда болууда.

Эң көп окулган жаңылыктар