17:37
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Казакстан UTC+5 бирдиктүү убакыт алкагына өттү

Казакстан расмий түрдө UTC+5 бирдиктүү убакыт алкагына өттү. Буга чейин ага өлкөнүн батыш аймактары: Батыш Казакстан, Актөбө, Атырау жана Мангыстау облустары кирген.

1-март күнү түнкү саат 00:00дө республикалык маанидеги шаарларда: Астана, Алматы жана Чымкентте, ошондой эле: Абай, Акмоло, Алматы, Чыгыш Казакстан, Жамбыл, Жетысу, Караганды, Костанай, Павлодар, Түндүк Казакстан, Туркстан, Улытау облустарында убакыт өзгөрдү.

Актөбө, Атырау, Батыш Казакстан, Кызылордо жана Маңгыстау облустарында убакыт өзгөргөн жок, анткени бул аймактарда ансыз да UTC+5 убакыт алкагы иштеп жаткан.

Казакстан бирдиктүү убакыт алкагына өтүүгө даярданып жатканы декабрь айынын башында маалымдалган.

«Адамдын саламаттыгы, экономикасы жана коопсуздугу үчүн табигый күн убактысына мүмкүн болушунча жакын болгон туруктуу убакыт алкактарын колдонуу зарыл», — деп айтылат документтин түшүндүрмөсүндө.

Документти иштеп чыккандар UTC+5 убакыт алкагы өлкө жашоочулары үчүн биологиялык көз караштан алганда табигый экенин, бирок Казакстандын көпчүлүк бөлүгү UTC+6 убакыт алкагында жайгашканын, бул «адам уйкусунун өнөкөт жетишсиздигине, физикалык жана психикалык активдүүлүктүн, иммунитеттин төмөндөшүнө» алып келиши мүмкүн экенин айтышууда.

Айрым казакстандыктар, анын ичинде Чыгыш Казакстан облусунун тургундары саатты жылдырууга каршы чыгышты.

19-январда Казакстандын өкмөтү 1-марттан тарта өлкө UTC+5 бирдиктүү убакыт алкагына өтөрүн бекиткен.

Эң көп окулган жаңылыктар