12:16
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Беш жашар кыздын өлүмү: тургундар нааразылыкка чыгышты

Казакстандын Түркстан облусунун Сарыагаш районундагы Жибек Жолу айылында киши колдуу болуп өлгөн наристенин жетилигине чогулган тургундар нааразылык өткөрүштү.

Алар ишти адилет тергөөнү талап кылышты. Мыкаачылык менен өлтүрүлгөн беш жашар кыздын сөөгү 13-июлда коңшусунун үйүндө табылган.

Аялдар тобу «Педофилдерге өлүм!», «Сот адилет болсун!» деген жазуусу бар плакаттар менен айыл ичин аралап өтүп, казак-өзбек чек арасына алып бара турган жолду жабышты. Окуя болгон жерге атайын багыттагы аскер кызматкерлери келди.

Чогулгандардын айтымында, кыздын өлүмүнө байланыштуу дагы бир шектүү милицияга чакырылып, бирок көп өтпөй бошотулган. Тургундар соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыга электе аны бошотууга болбойт деген пикирде.

Акция болгон жерге келген Казакстандын күч түзүм кызматкерлери чогулган аялдарды айыл акимчилигинин имаратына алып барышкан. Ал жерде акимчиликтин жана полициянын өкүлдөрү чогулган аялдардын үнүн угуп, суроолорго жооп берүүгө убада беришкен.

Окуя 13-июлда Түркстандын Жибек Жолу айылында болгон. Кыздын өлүмүнөн кийин айыл эли жаалданып чогулганда, кыштакка полиция келип, интернет өчүрүлгөн. Жергиликтүү тургундар кылмышка шектүүнү элдин колуна салып берүүнү талап кылышкан. Мындай окуялар укук коргоо органдарынын шалаакылыгынан болуп жатканын айтышкан.

Казакстандын Жогорку Соту беш жашар кыздын өлтүрүлүшүнө байланыштуу Сарыагаш райондук соттун төрагасын иштен алган. Кызматтык иликтөөнүн жүрүшүндө бул кылмышка шектүүгө карата май айында мыйзамсыз чечим чыгарылгандыгы аныкталганы айтылган.

Эң көп окулган жаңылыктар