16:01
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Казакстандын Коопсуздук комитетинин мурдагы башчысы Масимов 18 жылга соттолду

Астана шаарынын район аралык соту Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин мурунку башчысы Карим Масимовду 18 жылга эркинен ажыратты. Соттун өкүмүнө ылайык, Масимовдун мүлкү конфискацияланат, өмүр бою мамлекеттик кызматта иштей албайт.

Масимов мамлекетке чыккынчылык кылууга, бийликти күч менен басып алууга аракет жасоого, кызмат абалынан кыянат пайдаланууга айыпталган.

Масимовдун орун басарлары — Ануар Садыкулов 16 жылга, Даулет Ергожин 15 жылга, Марат Осипов 3 жылга соттолду. Сот төртөөнө тең мамлекеттик кызматта иштөөгө тыюу салды. Алар генерал наамдарынан жана мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылды.

«Мамлекеттин эсебине 10 миллиард теңге, 24 миллион АКШ доллары кайтарылды», — деп айтылат соттун билдирүүсүндө.

Жараян жабык эшик артында өттү. Сот иши былтыр ноябрда карала баштаган. Ишке «жашыруун» деген мөөр коюлган. Соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө кире элек.

Масимов 2022-жылы Казакстандагы кандуу январь окуясында кызматтан алынып, 6-январда камалган. Бул иш боюнча анын орун басарлары Ануар Садыкулов, Даулет Ергожин жана Марат Осипов да камалган.

Масимов Казакстандын мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин көп жылдан берки санаалашы катары белгилүү. 57 жаштагы Карим Масимов атайын кызматты 2016-жылдан тарта жетектеген. Ага чейин 2007-2012-жылдары жана 2014-2016-жылдары казак өкмөтүн башкарган.

Эң көп окулган жаңылыктар