Садыр Жапаровдун инаугурациясы 28-январда Кыргыз улуттук филармонияда 10.30да башталат. Иш-чара түз эфирде чагылдырылат.
Президенттин расмий ишке киришүү аземине жөнөкөй жарандар, коомдук ишмерлер жана дипломатиялык корпустун өкүлдөрү катышат. Андан тышкары Кыргызстандын экс-президенттери, анын арасында Сооронбай Жээнбеков дагы чакырылды.
Президенттин маалымат кызматы, эпидиомологиялык кырдаалды эске алуу менен иш-чара түз эфирде чагылдырып, ага журналисттер катышпастыгын айткан. Бирок, айрым жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү чакыруу алгандыгын социалдык тармакта жарыялоодо.
Садыр Жапаров 79 пайыз добуш менен 10-январда өткөн президенттик шайлоону утуп чыкты.