07:43
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Аксы районунун акими кызматынан бошотулду

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун мамлекеттик администрация башчысы — акими Ормоналиев Эсеналы Касымалиевич берген арызынын негизинде ээлеген кызмат ордунан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тийиштүү буйрукка премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков кол койду.

Мындан тышкары, Жыргалбек Шакиев Аксы районунун акими болуп дайындалды.

Эске салсак, 7-октябрда Кербенде митинг учурунда чогулгандар мушташа кеткен. Натыйжада жергиликтүү тургун каза болуп, алты адам жабыркаган. Кылмышка шектүү катары Кутман Шадыбеков кармалган.

2-январда анын туугандары Жалал-Абад облусунун УКМК имаратынын алдына митингге чыгышып, эки күндөн кийин Кербен — Ала-Бука жолун бууп салышкан. Митингчилер Кутман Шадыбековду бошотууну талап кылышкан.

Эң көп окулган жаңылыктар