19:41
USD 84.78
EUR 102.21
RUB 1.15

Жогорку Кеңеш вице-спикерин алмаштырат. Мирлан Бакиров отставкага кетти

Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров отставкага кетти. Бул тууралуу «Өнүгүү» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев билдирди.

Анын айтымында, фракция парламенттин жетекчилигиндеги өкүлүн алмаштырат.

Мирлан Бакировдун ордуна депутат Улан Исмаилов сунушталды.

Белгилей кетсек, юристтердин айтымында Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын мөөнөтү октябрь айында аяктаган. Бирок, депутаттар өздөрүнүн ишин июнь айынга чейин узатышкан.

Эң көп окулган жаңылыктар