Мурдакы өлкө башчы Алмазбек Атамбаев пневмония оорусунан сакайды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.
⠀
Маалым болгондой, Алмазбек Атамбаев УКМКнын убактылуу кармоочу жайына которулат.
атайын кызматтын маалыматы боюнча, анын абалы канааттандырарлык.
⠀
«Алмазбек Атамбаевдин абалы канааттандыраарлык. Дарыгерлердин кеңешмесинин негизинде Алмазбек Атамбаев УКМКнын убактылуу кармоочу жайга которуу чечими кабыл алынды. Ал күнү-түнү дарыгерлердин көзөмөлүндө болот», — деп берилет маалыматта.
⠀
Эске сала кетсек, Алмазбек Атамбаевден эки тараптуу пневмония аныкталган. Ал Президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын клиникалык ооруканасында дарыланды.