18:21
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

«Дордой» ассоциациясы 150 орундук медресени обсервацияга берди

Жеке ишкер Аскар Салымбеков 150 орундук медресени имаратын коронавирус менен күрөшкө каршы колдонууга берди. Ал бүгүн ишке киришет.

Маалым болгондой, Аскар Салымбеков обсервацияны бардык шарты менен камсыздаган.

«150 орундук медресе өкмөткө кечээ айтылган, бардык төшөнчүлөрү жана башка керектелүүчү буюмдар менен камсыздалат. Аны менен катар ыктыярчы медиктертерди алып барып бүгүн иштеп баштайбыз», — дейт ассоциациянын кызмакери.

Эске сала кетсек, соңку он күн ичинде коронавирус күч алгандыктан бейтаптар ооруканаларга батпай калган. Бир топ ишкерлер бул муктаждыкты жоюу үчүн ишканаларын беришүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар