Орто-Сай базарын дезинфекциялоо үчүн 13-июнга чейин жабышты. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын пресс-кызматы билдирди.
Анын айтымында, токтомго шаардын эпидемияга жана эпизоотияга каршы комитетинин башчысы, борбор калаанын вице-мэри Татьяна Кузнецова кол койгон.
Эске сала кетсек, БШК социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетинин отурумунда, вице-мэр коронавирус менен кайрылгандардын көбү кайдан жугузуп алганын билбейт, бирок базарга баргандарын айтышууда деген пикирин билдирген.