01:25
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Таажылуу илдети 200дөй мамлекетти басып алды

Дүйнөдө коронавирустун айынан 7 миллиондон ашык бейтап дарыланууда. Бул тууралуу Жон Хоопкинс университетинин Системалуу изилдөө жана инжиниринг борбору маалымдады.

Маалым болгондой, коронавирус жуктуруп алгандардын саны 7 миллиондон ашты.

Дээрлик 200дөй мамлекетти басып алган коронавирус аба аркылуу тарап, 402 миңден ашуун адамдын өмүрүн алды. 7 миллиондун ичинен 3 миллион 133 миң 664 адам вирусту жеңгендер.

Вирус күч алып жаткан өлкөлөр: АКШ-1 миллион 941 миң адам жуктуруп алган, 110дон ашууну коз жумган, Бразилия-691 миң 958 адам вируска чалдыгып, 36 миң 455 бейтап каза болгон, Россия — 467 миң 73 жуктургандар, 5851 каза болгондор.

Эске сала кетсек, ДСУ 11-мартта коронавирус боюнча дүйнөдө пандемия жарыялаган.

Эң көп окулган жаңылыктар