14:34
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Бразилия коронавирустан каза болгондордун саны боюнча үчүнчү орунга чыкты

Бир сутка ичинде коронавирустан көз жумгандардын саны 5 миң 145ке жетти. Бул тууралуу онлайн-көрсөткүч тастыктады.

Дүйнө жүзү боюнча коронавирустун айынан каза болгондордун саны 385 миң 991 адам. АКШда −108 миң 211, Улуу Британияда −39 миң 987, Бразилияда −34 миң 21, Италияда −33 миң 689 жана Францияда −29 миң 68.

Жалпысынан коронавирус 6 миллион 432 миң 370 адамга жукту. Онлайн-көрсөткүч боюнча бир сутка ичинде 200 миң 615ке өстү.

Коронавирус дээрлик 188 өлкөнү каптады, анын ичинен эң көп учур катталган өлкөлөр АКШ (1 миллион 872 миң 660), Бразилия (614 миң 941), Россия (440 миң 538), Улуу Британия (283 миң 79), Испания (240 миң 660), Италия (234 миң 13) жана Индия (226 мин 713).

COVID-2019 вирусунан жалпы 2,8 миллион адам айыкты. Бир суткада 63 миң 811 адамга өскөн.

Кыргызстанда коронавирус илдетине чалдыккандардын саны −1 миң 936. Казакстанда-12 миң 67, Өзбекстанда −3 миң 939, Тажикстанда- 4 миң 289.

Эң көп окулган жаңылыктар