07:59
USD 77.69
EUR 87.52
RUB 1.08

COVID-19. Кыргызстанда вирус жуктурган үч киши каза болду. Бирөө дарыгер

Коронавирустан улам дагы үч кыргызстандык каза болду. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, Оштогу облус аралык бириккен ооруканадан 59 жана 55 жаштагы эки бейтап, Нарын облусунан 84 жаштагы бир бейтап көз жумду.

«Биринчи маркум кургак учук боюнча дарыгер болчу. Ал 28-апрелде пневмонияга чалдыккан бейтаптарды кабыл алган, кийин 1-июнда өзү оор абалда медициналык жардам кызматына кайрылган. Анын жүрөк коронардык оорусу жана кант диабети болгондуктан оорусу өрчүшүп кеткен. Экинчи маркум айдоочу болуп иштеген. 25-майда анын абалы начарлап ооруканага келген, анын бир нече органы иштебей, эки тараптуу пневмониянын өрчүшүнөн улам көз жумган. Үчүнчү маркум ооруканага 9-майда келип түшкөн, ал жактан коронавируска чалдыккандар менен байланышта болгон, кийин ал бейтаптан вирус аныкталган. 25-майда аны жандандыруу бөлүмүнө которушкан. Жыйынтыгында аны коштогон үчүнчү даражадагы гипертония жана инсульттун кесепеттеринен улам көз жумган», — дейт Нурболот Үсөнбаев.

COVID-19 вирусунан көз жумгандардын жалпы саны 20га жетти.

Эң көп окулган жаңылыктар