07:45
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Ирина Карамушкина коронавирустун Кыргызстанга келишине өкмөттү күнөөлөдү

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин депутаттарына өлкөдөгү коронавирустун абалы боюнча маалымат берет.

«Бүгүн кырдаал аябай курч, бул баарыбызга белгилүү. Келгиле, убактыбызды үнөмдөп өкмөткө көмөк көрсөтөлү. Болгону анын маалыматын угуп бошотолу», — деди Дастанбек Жумабеков.

Бирок төраганын бул сунушун депутаттар колдоого алган жок.

Ал эми Ирина Карамушкинанын айтымында, Кыргызстанга коронавирус аткаминерлердин кенебестигинен улам келди.

«Биз эмне үчүн өкмөттүн маалыматын угуп кайра жумушуна эрте жөнөтүшүбүз керек? Аткаминерлердин шалаакылыгынан бул вирус өлкөбүзгө кирип отурат. Январь айынан тартып коронавирустууралуу ар кандай маалыматтар айтылып жатты, а биз даяр эместигибизден вирусту өткөрүп ийдик. Маалымат ММКнын катышуусунда өтүшү керек деп ойлойм. Суроолорду берип, чечим кабыл алынышы керек. Балким депутаттардан кандайдыр бир сунуштар айтылат», — дейт Ирина Карамушкина.

Эң көп окулган жаңылыктар