03:19
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Айрым депутаттар айлык маяналарын Саламаттыкты сактоо министрлигине которушууда

Алтынбек Сулайманов коронавирустан сактануу үчүн бир айлык маянасын Саламаттыкты сактоо министрлигинин эсебине которду. Бул тууралу депутат Facebook баракчасы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, «Бир бол» фракциясынын депутаттары Кыргызстанда коронавирус катталгандыгына байланыштуу алгачкы жардам катары бир айлык маяналарын Саламаттыкты сактоо министрлигине которушкан.

«Урматтуу мекендештер, «Бир Бол» фракциясы коронавирус менен күрөшүүдө алгачкы жардам катары бир айлык маянабызды Саламаттыкты сактоо министрлигине котордук. Мындан ары дагы жардамыбызды беребиз. Учурда Кыргызстандын жарандары коронавирус жуктуруп алган учурлар катталгандыгына байланыштуу өлкө үчүн ар бирибиздин салымыбыз, жардамыбыз маанилүү болуп турат. Ар бирибиз улуттун саламаттыгына өз салымыбызды кошолу», — дейт «Бир бол» фракциясынын депутаты Алтынбек Сулайманов.

Улуттун саламаттыгы үчүн ар бир жаран тазалыкты сактап, массалык жайлардан алыс болуу керек экенин белгиледи.

Эң көп окулган жаңылыктар