14:01
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Тайланддан учуп келген жүргүнчүдө коронавирустун белгилери бар деп шек жаралган

«Манас» аба майданында Тайланд каттамы менен учуп келген жүргүнчүдө коронавирустун белгилери бар деп шек жаралган. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин отурумунда мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык департаментинин башкы дарыгери Рыспек Садыгалиев билдирди.

Анын айтымынла, окуя кечээ болгон. Аба майдандан жүргүнчүнүн дене табы көтөрүлгөн.

«Аны жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырышып, дарыгерлер ыкчам консилиумга чогулушкан. Бейтаптын диагнозу тастыкталган жок, аны башка ооруканага которушту», — деди Рыспек Садыгалиев.

Ал Кытайдан кайтып келген студенттер Ысык-Ата районундагы аймактык ооруканага которулганын кошумчалады.

Кытай бийлиги оору күчөп баратканына тынчсызданууда. Маалыматтарга караганда, өпкөнү сезгентүүчү вирус тездик менен жайылып, Кытайдын өзүндө эле 2 миң 300дөй киши ооруга чалдыкты. Өлгөн адамдардын саны 100дөн ашты.

Эске салсак, Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев менен Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь жолугушуп, жаңы типтеги коронавирус тарап жатканына байланыштуу маалыматтарды ыкчам алмашып турууну макулдашкан.

Ухань шаарында Кыргызстандын 15 жараны бар. Алардын 14ү студенттер жана бирөө жеке ишкер.

Эң көп окулган жаңылыктар