06:07
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Коронавирустун эпицентри болгон Ухань шаарында 15 кыргызстандык бар

Коронавирустун эпицентри болгон Ухань шаарында 50 кыргызстандык жашайт. Бул тууралуу бүгүн 27-январда Тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев өкмөттүн жыйынында билдирди.

ТИМдин маалыматында, Уханда жашаган кыргыздардын көпчүлүгү студент болгондуктан, алар Кытайдагы жаңы-жылдык эс алуу учурунда Кыргызстанга кайтып, же Кытайдын башка региондоруна кетишкен. Учурда аталган шаарда 14 студент жана 1 бизнесмен бар. Алардын баарынын саламаттыгы жакшы. 

«Кыргыздандын жарандары өз калоосу менен Кытайдан учуп кетүү мүмкүнчүлүгү бар», — дейт Нуран Ниязалиев.

Министирдин орун басарын ММКны жана жарандарды жалган маалымат таратуудан баш тартуусун суранды.

Эскерте кетсек, Кытай боюнча коронавирус жайылууда. 26-январга карата дүйнө жүзүндө 2 миңден ашуун киши бул вирусту жуктуруп алышкан. Кытайда каза болгондордун саны 80ге жетти.

Эң көп окулган жаңылыктар