02:26
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Жаңы вирус. Коопсуздук Кеңешинин катчысы аба майданды текшерди

Коронавирус илдетин алдын алуу жана аныктоо боюнча бардык тийиштүү чаралар көрүлүүдө. Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасында бир дагы бул дартты жуктуруп алуу фактысы катталган жок, Кытайдын чек арасында жайгашкан бардык көзөмөл-өткөрүү пункттарында жана эл аралык аэропорттордо дарттын белгилерин аныктоочу тепловизорлор иштеп жатат. Бул тууралуу Коопсуздук Кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев бүгүн «Манас» эл аралык аэропортунда жана «Акжол-Автодорожный» көзөмөл-өткөрүү пункттарында текшерүүнүн жүрүшүндө айтты.

Мындан тышкары, Президенттин аппаратынын жетекчисинин орун басары Алмамбет Салиев ошондой эле текшерүү менен «Токмок—Автодорожный», «Кен-Булун—Автодорожный» жана «Ак-Тилек—Автодорожный» көзөмөл-өткөрмө пукттарына барды.

«Биз Кытайда тарап жаткан илдеттин алдын алуу жана аныктоо жаатында санитардык-карантиндик көзөмөл пункттардын даярдыгын текшердик. Кыргызстандын аймагында бир дагы коронавирусту жуктуруп алуу фактысы катталган жок деп айта алам», — деди Дамир Сагынбаев. Ал бул тууралуу маалыматты Саламаттык сактоо министрлиги жана башка тиешелүү органдар дайыма берип турарын эскертти.

Ал белгилегендей, үстүбүздөгү жылдын 1-январынын тартып Бишкекте жана Кыргызстандын бардык аймактарында Кытай менен чектеш көзөмөл-өткөрүү пункттарында, «Манас» аэропортунда жана Ош шаарынын аэропортунда күчөтүлгөн санитардык-карантиндик пункттар ачылганын белгиледи.

Кытай бийлиги оору күчөп баратканына тынчсызданууда. Маалыматтарга караганда, өпкөнү сезгентүүчү вирус тездик менен жайылып, Кытайдын өзүндө эле 2 миң 300дөй киши ооруга чалдыкты. Өлгөн адамдардын саны 80ге жетти.

Эске салсак, Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев менен Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь жолугушуп, жаңы типтеги коронавирус тарап жатканына байланыштуу маалыматтарды ыкчам алмашып турууну макулдашкан.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума