08:11
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Жаңы вирус. Кыргызстандын Кытай менен каттамдарынын баары токтоду

Кыргызстандын Кытай менен каттамдарынын баары токтоду. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 27-январда өкмөттүк жыйында айтты.

«23-январдан баштап Кытай менен каттамдардын баары токтоду. Өзгөчө «Торугарт» жана «Эркечтам» бекеттеринде бардык кыймыл-аракеттер токтоду. Билесиздер, Кытай Жаңы жылга байланыштуу дайыма ушул маалда чектөө киргизет. Бирок биз ал чектөөнү дагы күчөттүк. Ал жерде адамдардын кыймыл-аракети да, өндүрүм ташып келүү да токтоду,» — деди ал.

Буга чейин Үрүмчү-Бишкек-Үрүмчү аба каттамы да 23-январдан 1-февралга чейин токтогон.

Өкмөт башчынын айтымында, Кыргызстандын аймагында коронавирус жугузгандар катталган жок. Оорунун алдын алуу боюнча ыкчам штаб түзүлдү.

Кытай бийлиги оору күчөп баратканына тынчсызданууда. Маалыматтарга караганда, өпкөнү сезгентүүчү вирус тездик менен жайылып, Кытайдын өзүндө эле 2 миң 300дөй киши ооруга чалдыкты. Өлгөн адамдардын саны 80ге жетти.

Эске салсак, Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев менен Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь жолугушуп, жаңы типтеги коронавирус тарап жатканына байланыштуу маалыматтарды ыкчам алмашып турууну макулдашкан.

 
Эң көп окулган жаңылыктар