08:38
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

ЖЭБ боюнча сот. Мемарандумга кол коюлганга чейин ТВЕА менен сүйлөшүү болгон жок

Бишкек шаардык сотунда ЖЭБди модернизациялоо тууралуу иш боюнча соттук териштирүү уланууда.

Отурумдун жүрүшүндө сот мурунку өкмөт башчы Сапар Исаковду суракка алды. Ал ЖЭБди 1961-жылы пайдаланууга берилгенин эскертти. 1995-жылдан баштап аткаминерлер аны калыбына келтирүү үчүн, инвестиция тартуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзө башташкан.

«Азыркы оңдоо иштерине өлкө 400-500 миллион сом коротот. 10-12-жыл үчүн мамлекет 100 миллион долларга жакын каражат короткон. 150 миллион доллар суммасы алдын ала эле алынган. Биринчи инстанцияда күбөлөр сумманы 386 миллион доллар деп түзөтүү киргизип коюшканын тастыкташты. Ошондой эле, мемарандумга кол коюлганга чейин ТВЕА менен эч кандай сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн эмес», — деди Сапар Исаков.

Эске салсак, мурунку өкмөт башчы Сапар Исаков 15 жылга эркинен ажыратылды. Улуттук энергохолдингдин мурунку башчысы Айбек Калиев, мурунку өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев жана «Электрдик станциялар» ААКнын мурунку башчысы Салайдин Авазов ар кандай мөөнөткө эркинен ажыратылды.

Мурунку энергетика министри Осмонбек Артыкбаевди сот 5 миллион сом өлчөмүндө айыпка жыккан.

Эң көп окулган жаңылыктар