15:21
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Бишкекте кызды ала качып кеткен деген шек менен жигит кармалды

Бишкекте 19 жаштагы кызды ала качып кеткен деген шек менен жаш жигит кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, милицияга 19-декабрда кыздын жакындары арыз жазышкан. Анда Тыналиев көчөсүндө жайгашкан үйүнүн жанынан Daewoo Nexia үлгүсүндөгү унаа кызды салып кеткени айтылат.

Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Аталган окуяга шектүү делип Сокулук районунда 22 жаштагы жигит кармалды.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума