11:50
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кыргызстанда жарым жылда кыз ала качуу үчүн 28 адам соттолгон

Кыргызстанда жарым жыл ичинде никеге туруу максатында кыз ала качуу үчүн 28 адам соттолгон. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын алты айында 10 кылмыш иши каралган. Мекемеден белгилешкендей, өткөн жылы соттор ушул категориядагы 14 кылмыш ишин 30 адамга карап, айыптоо өкүмдөрү чыккан.

Ал эми Жогорку сот өз маалыматтарын берди. Редакциянын расмий өтүнүчүнө карата берилген жоопто 2022-жылы райондук жана шаардык соттор тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 172-беренеси «никеге туруу максатында ала качуу» боюнча 21 кылмыш иши каралып, 42 адам соттолгону жана бир иш токтотулганы айтылат.

Эң көп окулган жаңылыктар