15:34
USD 86.80
EUR 91.85
RUB 0.85

Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран колго түштү

Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран колго түштү. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, 6-декабрда ИИМдин Тергөө кызматына Р.Т. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал ушул жылдын 22-мартында Бишкектин Абдырахманов көчөсүндө жайгашкан акча алмаштыруу пунктунун жанынан таанышы Сталбек жана анын достору Кубан, Алмаз аттуу жарандар «Дордой» базарынын борбордук өтмөгүнүн жанынан контейнер сатып алып беребиз деп, арыз ээсинин ишенимине киришип, алдоо жолу менен жалпысынан 40 миң долларын ээлеп алышканын билдирген.

Ошол күндөн бери аталган жарандар контейнерди сатып алып бербей же акча каражатын кайтарып бербей качып жүрүшкөндүгү белгилүү болду.

9-декабрда аталган окуяга шектүү делип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин атайын каттоосунда турган 1979—жылы туулган К.Т. кармалды. Азыркы учурда аталган кылмыш ишине тиешеси бар башка шектүүлөрдү кармоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар