07:28
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Азамат Бостонов эксперттерге басым жасалган деген маалыматты четке какты

Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБди модернизациялоо тууралуу кылмыш иши каралып жатат. Процесс судья Инара Гилязетдинованын төрагалыгы алдында өтүүдө.

Тараптардын жарыш сөзү аяктады. 

Мамлекеттик айыптоочу Азамат Бостоновдун айтымында, жактоочу тараптар соттук процесс жүрүп жатканда курулуш экспертизанын корутундусун жокко чыгарууга аракет кылышты. Ал билдиргендей, модернизациянын баасы контракттык макулдашууда көрсөтүлгөн баа менен бекитилген. Бирок ТВЕА тараптан чыгымдар тууралуу документ болгон эмес.

«Коргоочу тарап ШКУга чейин даярдаш керек болчу, макулдашууга бир жума ичинде кол коюлуп калды деп кыска мөөнөткө шилтеме кылышууда. Муну ишке көзөмөл кылууда тапшырык берген тараптын мүмкүнчүлүгү чектелгендиги менен түшүндүрүшүүдө. Тапшырык берген тарап чектөөсүз ЖЭБди зыярат кылууга укуктуу болчу, бирок процесске аралашпашы керек. Тапшырык берген жак подрядчылар менен байланышууда чектелген», — деди Азамат Бостонов.

Ал техникалык тапшырмага ылайык, ТВЕА компаниясы сметалык документтерди иштеп чыгышы керек болчу, бирок ал иш аткарылган эмес.

«Бул жагынан алып караганда, бааны иш жүзүндөгү наркын аныктоо мүмкүн эмес», — деди мамлекеттик айыптоочу. Айтымында, эксперттик комиссия гана иш жүзүндөгү наркы менен айтылган бааны салыштыра алмак. Азамат Бостонов эксперттерге басым жасалган деген маалыматты четке какты.

УКМКнын тергөө абагында мурунку премьер-министрлер Сапар Исаков жана Жантөрө Сатыбалдиев, депутат Осмонбек Артыкбаев, энерготармактын топ-менеджерлери Салайдин Авазов жана Айбек Калиев кармалууда. Үй камагында Каржы министрлигинин мурунку башчысы Ольга Лаврова бар. Алардын баары «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «Жемкорлук» беренелери боюнча айыпталууда.

Эң көп окулган жаңылыктар