23:41
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

ЖЭБ боюнча сот. Дагы бир айыпталуучу көзүнө жаш алды

Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБди модернизациялоо тууралуу кылмыш иши каралып жатат. Процесс судья Инара Гилязетдинованын төрагалыгы алдында өтүүдө. 

Тараптардын жарыш сөзү уланууда. Бүгүн «Электрдик станциялар» ААКнын мурунку башкы директору Салайдин Авазовго сөз берилди. Айтымында, компанияны ТВЕАнын кызыкчылыгын көздөгөн деп айыптоого болбойт, анткени подрядчыны кытай тарап тандаган.

«Кандай сүйлөшүүлөр болмок эле? Эгер мен Сапар Исаковго же мурунку энергетика министрине ТВЕАнын шарты жакшы деп кат жазбасам?», — деди ал.

Салайдин Авазов Сапар Исаковду кытай элчилигинин өкүлдөрү менен жолугушту деп күнөөлөп жатышат. «Бирок «Электрдик станциялардын» бул жерде кандай тиешеси бар», — деди айыпталуучу.

Эгер Сапар Исаковго кимдир бирөөнүн кандайдыр бир көрө албастыгы бар болсо, эмнеге мен камалышым керек?

Салайдин Авазов

«Мен 65 жаштамын. Мен тармакта көп иштерди аткардым, мени жемкорлук боюнча айыптап жатышат. Мен эч качан ыйлаган эмесмин, бирок уулум сотко келгенде кармана албай калдым. Менин мүнөзүм катуу, бирок кандай абалга алып келишкенин көрүп турасыңар», — деп ал көзүнө жаш алды.

Сот тыныгуу жарыялады.

Эске салсак, буга чейин жарыш сөздө Сапар Исаковдун нерви чыдабай кетип, ал ыйлап жиберген. 

Эң көп окулган жаңылыктар