21:17
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Салайдин Авазов. ЖЭБди модернизациялоо маселеси 1995-жылдан бери чечилбей келген

Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБди модернизациялоо тууралуу кылмыш иши каралып жатат. Процесс судья Инара Гилязетдинованын төрагалыгы алдында өтүүдө.

Тараптардын жарыш сөзү уланууда. Бүгүн «Электрдик станциялар» ААКнын мурунку башкы директору Салайдин Авазовго сөз берилди.

Ал Бишкек ЖЭБди модернизациялоо маселеси 1995-жылдан бери чечилбей келгенин белгиледи. Аны ар кайсыл энергетикалык программаларга кошкону менен, каражаттын жоктугунан чече алышкан эмес.

2012-жылга чейин ЖЭБ боюнча жеңилдетилген шарты менен бир дагы сунуш түшкөн эмес.

Салайдин Авазов

Салайдин Авазов 2012-жылы кызматка дайындалганын, ошол маалда бир канча вариант каралып баштаганын айтты.

«2012-жылдын августунда ЕЭС орус акционердик коому менен бирге концептуалдык долбоор иштелип чыккан, ошол эле жылдын декабрында СМЕС компаниясы менен иштешүү ниетинде протоколго кол коюлган. Бул жөн гана ниет болчу, каржылоо тууралуу кеп болгон эмес», — деди ал.

Салайдин Авазовдун пикиринде, эгер мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин катуу чара көрбөгөндө, 2013-жылы дагы бул маселе чечилбей калмак.

Эл аралык каржылык институттардын варианттары туура келген эмес: ал жакта тарифти көтөрүү талап кылынган. Андыктан же Орусияга же Кытайга гана үмүт кылыш керек болду.

Салайдин Авазов

«2013-жылдын 30-январында «Электрдик станцияларга» ТВЕАдан делегация келип, ЖЭБди модернизациялоо долбоорун ишке ашырууну сунуштаган», — деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар