14:03
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

ЖЭБ боюнча сот. Сапар Исаковдун нерви чыдабай кетип, ыйлап жиберди

Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБди модернизациялоо тууралуу кылмыш ишин кароо уланууда. Процесс судья Инара Гилязетдинованын төрагалыгы алдында өтүүдө.

Тараптардын жарыш сөзүнө кезек берилди. Мурунку өкмөт башчы Сапар Исаков дээрлик 2 саат сүйлөдү. Ал өз сөзүндө кылмыш ишинин баардык майда-чүйдөсүнө чейин айтып берди. Ал бир жарым жыл мурун аны калпычы кылып чыгарып коет деп ойлогон да эмес.

Сапар Исаковдун нерви чыдабай кетип, ал ыйлап жиберди. Туугандары жана тарапташтары аны колдошту.

«Кылмыштын курамында жок болгондуктан мени жана башка айыпталуучуларды актоону суранам. Такыр болбосо менден башкасынын баарын чыгаргыла, анткени башкы максат менмин. Мени отургузуш үчүн калгандарын дагы отургузушту. Мындан тышкары унааны үй-бүлөмө калтырууну суранам, анткени 4 кызымды жубайым мектепке, балдар бакчасына ташыйт. Унаасыз кыйын болот», — деди ал.

Эске алсак, мамлекеттик айыптоочу мурунку премьер-министр Сапар Исаковду 15 жылга эркинен ажыратууну суранды. Алардын айтымында, айыпталуучунун күнөөсү иштин материалы жана күбөлөрдүн көрсөтмөсү менен далилденди.

Эң көп окулган жаңылыктар