Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБди модернизациялоо тууралуу кылмыш ишин кароо уланууда. Процесс судья Инара Гилязетдинованын төрагалыгы алдында өтүүдө.
Тараптардын жарыш сөзүнө кезек берилди. Бүгүн мурунку премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев сөзүн улантат.
Айтымында, тергөө калыс болбой, ишти иликтөөдө үстүртөн гана мамиле кылынды. Ошондой эле баардык жагдайлар майда-чүйдөсүнө чейин изилденген эмес.
Ал күнөөнү мойнуна албай турганын айтты. «Мен өлкө үчүн уялам. «Нью-Йорк Таймс» гезити Кыргызстанда мурунку өкмөт башчыларын саясий мотив менен соттоп жатышат деп жазыптыр. Менин абийирим өлкө алдында, балдарым жана неберелеримдин алдында таза. Сиздин адилеттүүлүгүңүзгө да үмүттөнөм», — деди ал.
Эске салсак, кечээ прокурор Марат Кулжабаев экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевди 11 жылга эркинен ажыратып, мүлкүн конфискациялоону суранды.