05:34
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Кытай өкмөтү СМЕКтин өкүлдөрүнө депутаттар менен жолугууга тыюу салган

Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБди модернизациялоо тууралуу кылмыш ишин кароо уланууда. Процесс судья Инара Гилязетдинованын төрагалыгы алдында өтүүдө.

Тараптардын жарыш сөзүнө кезек берилди. Бүгүн мурунку премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев сөзүн улантат.

Айтымында, Жогорку Кеңештин депутаттары ТВЕА компаниясы менен болгон келишимдин корутундусун колдошкон. Ал парламенттик отурум маалында айрым депутаттардын сүйлөгөн сөздөрүнүн стенограммасын окуду.

«Өмүрбек Текебаев Кыргызстан карыз алгандан коруп жатат, бирок стратегиялык объекттерди куруу керек деп айткан. Ал Кыргызстан Казакстандан жыл сайын 40 миллион долларга көмүр сатып алып жатканын, эгер ЖЭБди модернизациялоо иштери аткарылса анда жергиликтүү көмүр менен иштөөгө мүмкүнчүлүк болоорун, ал каражат нарындыктарга кете турганын белгилеген», — деди Жантөрө Сатыбалдиев.

Өмүрбек Текебаевди Кытайда ТВЕАнын ишмердүүлүгү менен таанышкан башка депутаттар колдоп чыгышкан

Жантөрө Сатыбалдиев

«Эл өкүлү Кожобек Рыспаевдин айтымында, депутаттар СМЕК компаниясынын иши менен таанышууга ниеттенишкен. Бирок ошол учурда СМЕКтин өкүлдөрү дайынсыз болуп кетишкен. Кытайдын өкмөтү аларга Жогорку Кеңештин депутаттары менен жолугушуусуна тыюу салган. Кожобек Рыспаев өз сөзүндө СМЕК компаниясынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү менен байланышканын айтып, компания ошол маалда Кыргызстандын бийлиги менен сүйлөшө албай тургандыгын билдиргенин кошумчалаган», — деди Жантөрө Сатыбалдиев.

Эске сала кетсек, эксперттердин тыянагы боюнча «Бишкек ЖЭБин модернизациялоо» долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекетке 5 миллиард 439 миллион сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

Мындан улам, мурунку премьер-министр Сапар Исаков, экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, ЖКнын депутаты Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энергохолдингдин мурунку башчысы Айбек Калиев, «Электр станциялары» ишканасынын мурунку башкы директору Салайдин Авазов, Улуттук энергохолдингдин башчысынын мурунку орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо башкарма тобунун директору Темирлан Биримкулов жана мурунку финансы министри Ольга Лавроваларга кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана коррупция боюнча айып тагылууда.

Модернизациялоо иши 2014-жылы башталган.

Эң көп окулган жаңылыктар