17:07
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

ЖЭБ боюнча сот. Төрт айыпталуучуну 11 жылга эркинен ажыратуу сунушталды

Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБди модернизациялоо тууралуу кылмыш ишин кароо уланууда. Процесс судья Инара Гилязетдинованын төрагалыгы алдында өтүүдө.

Тараптардын жарыш сөзүнө кезек берилди.

Прокурор Марат Кулжабаев экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевди 11 жылга эркинен ажыратып, мүлкүн конфискациялоону суранды. Ушундай эле өкүмдү Бишкек ЖЭБди модернизациялоо башкармалыгы боюнча топтун мурунку аткаруучу директору Темирлан Бримкуловго жана «Электрдик станциялар» ААКнын мурунку директорлору Салайдин Авазов менен Жолдошбек Назаровго чыгарууну сурады. Прокуратура баардык айыпталуучулардын класстык чинин, сыйлыктарын алып салууну, мамлекеттин пайдасына материалдык чыгымдарды (5 миллиард 439 миллион 527 миң 482 сом) өндүрүп алууну айтты.

«Электрдик станциялар» ААКнын жана Каржы министрлигинин өкүлдөрү мамлекеттик айыптоочуларды колдошту.

Эске салсак, ЖЭБдеги кырсык боюнча Темирлан Бримкулов 2 жарым жылга эркинен ажыратылып, 100 миң сом айып салынган.

Эң көп окулган жаңылыктар
18-апрель, бейшемби