00:39
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Жанар Акаев: Премьер-министр мага эмес, элге актансын

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев өкмөттүн маалымат кызматынын билдирүүсүнө жооп берди. Бул тууралуу ал парламенттин бүгүнкү жыйынында айтты.

Эскерте кетсек, кечээ Жанар Акаев Кыргызстандан чыгарылган акчанын көлөмү көбөйгөнүн айтып, ага өлкөдө криминалдын ишкерлерге кысымы күчөгөнүн көрсөткөн.

Өкмөттүн аппараты депутатты кырдаалды саясатташтырбоого чакырып, акча чыгаруу менен бирге кирген инвестициянын дагы көлөмү дагы өсүп жатканын белгилеген.

«Бизнесмендерди криминалдан гана эмес, политикандардан дагы коргоого туура келет», — деп билдирген премьер-министрдин маалымат катчысы Адилет Султаналиев.

«Өкмөт башчы мага эмес, элге актансын, элге жооп берсин. Бул менин, же премьердин жеке маселеси эмес. Саясатташтырбайлы деп эле унчукпай олтуруш керекпи? Мына оозду жыйгыча элек, кечээ дагы бир ишкердин сөөгү табылды. Кылмышкерлерди кармап, камаган учур дагы алар 2-3 жылдан кийин бошонуп кетип жатышат», — дейт депутат. 

Эң көп окулган жаңылыктар