12:48
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Алдоо жолу менен жарандардын мүлкүнө ээ болгон киши Москвадан кармалды

Кыргызстанда алдоо жолу менен жарандардын мүлкүнө ээ болгон киши Москва шаарынын аймагында жашырынып жүргөн жеринен кармалды. Бул тууралуу ИИМ билдирди. 

ИИМдин сайтынан алынды
Фото ИИМдин сайтынан алынды

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүргүзүү учурунда Москва шаарынын аймагынан Ош облусунун тургуну, 1978-жылы туулган К.К. аттуу жаран кармалды. Ал жасалма документти атайылап пайдалануу менен документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды кол менен жасоо, даярдоо, берүү же пайдалануу беренеси боюнча айыпталып, издөөгө алынган.

«Шектүү 2010-жылы жеке нотариус менен алдын ала сүйлөшүп алып, турак-жайдын ээсинин жеке макулдугу жок, өзү үй ээсинин колун жасап койгон. Андан соң, кылмыштуу жол менен кыймылсыз мүлктү өзүнө ыйгарып алган. 2012-жылы кылмышкер кыймылсыз мүлктү банкка коюп, 300 миң сом өлчөмүндөгү насыяны өз жубайына каттаган. Андан соң, акча каражатын алгандан кийин ан өз керектөөсүнө коротуп, банкка материалдык чыгым келтирген», -деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар