16:07
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Көп суммадагы акчасын алып качып жүргөн. Алдамчылыкка шектүү жаран кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектүү делип 23 жаштагы А.Н. кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, Октябрь РИИБга Х.М. аттуу жаран арызданган. Ал 2017-жылы А.Н. жүк ташуучу НОWO унаасын чет өлкөдөн алып келип берем деп 24,5 миң доллар алганын айткан. Кийин жалпы бизнес кылабыз деп дагы 55 миң долларын алып кеткен.

Жабырлануучу дагы бир арызында А.Н. ушул жылдын 16-апрелинде 27 миң 604 доллар алып качып кеткенин жазган. Факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Милиция шектүүнү кармады.

Эң көп окулган жаңылыктар