13:27
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Депутаттар комитеттин отурумуна «Кыргызалтындын» башчысы катышканына нааразы

Депутаттар Кожобек Рыспаев менен Бактыбек Турусбеков Отун-энергетикалык комплекс жана тоо-кен байлыктарын пайдалануу боюнча парламенттик комитеттин отурумунда «Кыргызалтын» ААКнын төрагасы Алмаз Алимбековдун отурганын көрүп, нааразы болушту.

Бактыбек Турусбеков кесиптештерине комитет өкмөткө «Кыргызалтындын» башчысын кызматтан четтетүү сунушун бергенин эскертти. «Бүгүнкү отурумда ал катышып жатат, бирок биз аны иштен бошотууну чечкенбиз да. Баабызды бергенбиз. Эми бул жакта отурат, анын буга моралдык укугу барбы?», -деп нааразы болду ал.

Кожобек Рыспаев кесиптешин колдоп чыкты.

«Сиздер өз сунушуңарды бердиңер. Өкмөт кимди иштен алат же жок өзү чечет», -деди биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов.

Эске салсак, 3-сентябрда «Кыргызалтындын» башчысы Алмазбек Алимбеков Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин отурумуна келген эмес.

«Эмне үчүн өкмөт Алмазбек Алимбековду эркелетип жатат, түшүнбөй турам? Комитеттин аны кызматтан бошотуу тууралуу чечими бар. Башкы прокуратура текшерүү иштерин жүргүзүүдө. Алмазбек Алимбеков бул жылдар аралыгында эч нерсе жасаган жок. Кытайлык компаниянын жардамы менен араң «Макмалдагы» ишти баштады», -деп депутат Кожобек Рыспаев нааразы болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар