06:13
USD 88.57
EUR 95.33
RUB 0.97

Сооронбай Жээнбеков Азаттык радиосунун президенти Жейми Флайды кабыл алды

Президент Сооронбай Жээнбеков Эркин Европа/Азаттык радиосунун президенти Жейми Флайды кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирет.

Жолугушууда мамлекет башчысы Кыргызстан демократиянын принциптерин жана ачыктыктыгын жогору бааларын, өлкөдө массалык маалымат каражаттарынын эркин жана толук кандуу иштөөсү үчүн бардык зарыл шарттар бар экенин белгиледи.

Президент ошондой эле медиа өкүлдөрү да өз ишине, сөзгө, адам тагдырына жогорку деңгээлдеги жоопкерчилик менен мамиле кылыш керектигин кошумчалады.

Жейми Флай Кыргызстандагы демократиялык процесстерге жана сөз эркиндигинин деңгээлине оң баа берди.

«Ал Азаттык радиосунун өлкөдөгү ийгиликтүү ишмердиги ачыктык жана ММКлар үчүн түзүлгөн шарттар менен шартталганын кошумчалады», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, бир катар коомдук ишмер, саясатчылар" Жейми Флайга Азаттыктык кыргыз кызматынын жетекчиси Венера Жуматаевага даттанып кат жолдошкон.

Эң көп окулган жаңылыктар