09:38
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Курсан Асанов Аскер прокуратурасына өз ыктыяры менен телефондорун өткөрүп берди

Ички иштер министринин мурунку орун басары Курсан Асанов Аскер прокуратурасынын тергөөчүлөрүнө өз ыктыяры менен телефондорун өткөрүп берди. Бул тууралуу 24.kg агенттигине анын жактоочусу Икрамидин Айткулов билдирди.

Айтымында, азырынча Курсан Асанов иш боюнча күбө катары өтүүдө.

«Учурда тергөө жүрүүдө, Курсан Асанов күбө катары суралды. Ал тергөөчүлөргө өз телефонун дароо эле ыктыяры менен берген. Тинтүү маалында тергөөчү майда чет элдик купюрасынан бери алып ката кетирди. Аны жогору турган орган жазалайт деген үмүттөбүз», -деди ал.

Эске салсак, 13-августта премьер-министрдин буйрутмасы менен ички иштер министрлигинин орун басары Курсан Асанов ээлеген кызматынан бошотулду. 

«ИИМдин ички иликтөө кызматы 7-8-августтагы окуялардын жүрүшүндө массалык башаламандыктардын алдын алууда, коомдук коопсуздукту сактоодо, Алмазбек Атамбаевди кармап алып келүүгө багытталган иш-чаралардын жүрүшүндө ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун ишмердүүлүгү боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлдү. Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен милициянын кызыкчылыгын саткандыгы жана ага карата ишенимдин жок болгондугу аныкталгандыгы үчүн ИИМдин орун басарлык кызматынан Курсан Асановду бошотуу тууралуу сунуш берилген. Учурда кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына юридикалык баа берүү үчүн жиберилди», -деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби
24-апрель, шаршемби