19:30
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Жактоочу: Курсан Асановдун жубайы күбө макамын алды

ИИМдин башчысынын мурунку орун басары Курсан Асановдун жубайы Күлнара Үсөнканова күбө макамын алды, бирок кайсыл кылмыш иши боюнча өтүп жатканы белгисиз. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жактоочу Таалайгүл Токтакунова айтып берди.

Жактоочунун айтымында, ал маалыматты ачыкка чыгарбоо үчүн кол койгон. Күлнара Үсөнканова анын жолдошу Асан Курсановго карата козголгон кылмыш иши боюнча күбө катары өткөн жок.

«Бул Курсан Асановго коюлган айыптоолорго байланыштуу эмес. Анын жубайы Аскердик прокуратурадан сурак берди. Тергөөнүн суроолору анын ишкерлигине байланыштуу болду. Мен муну Курсан Асановдун өзүн кысымга алуу аракети деп баалайм», — деди Таалайгүл Токтакунова.

Эске салсак, 13-августта премьер-министрдин буйрутмасы менен ички иштер министрлигинин орун басары Курсан Асанов ээлеген кызматынан бошотулган. 

«ИИМдин ички иликтөө кызматы 7-8-августтагы окуялардын жүрүшүндө массалык башаламандыктардын алдын алууда, коомдук коопсуздукту сактоодо, Алмазбек Атамбаевди кармап алып келүүгө багытталган иш-чаралардын жүрүшүндө ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун ишмердүүлүгү боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлдү. Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен милициянын кызыкчылыгын саткандыгы жана ага карата ишенимдин жок болгондугу аныкталгандыгы үчүн ИИМдин орун басарлык кызматынан Курсан Асановду бошотуу тууралуу сунуш берилген. Учурда кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына юридикалык баа берүү үчүн жиберилди», -деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар