19:00
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Курсановдун иши. «Чындык» гезитинин редактору Турсунбек Бейшенбеков кармалды

«Чындык» гезитинин редактору Турсунбек Бейшенбеков кармалды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине юрист Чынара Жакупбекова билдирди.

Анын айтымында, журналист бүгүн Аскер прокуратурасына ИИМ башчысынын мурунку орун басары Курсан Асановго карата козголгон кылмыш ишинин алкагында суракка чакырылган. Турсунбек Бейшенбеков убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Алдын ала маалыматка ылайык, Курсан Асанов Турсунбек Бейшенбековго жашыруун маалыматтарды жарыялоо үчүн жеткирип турган.

Журналист өзү Курсан Асанов менен жакындан тааныш эместигин айтууда.

Эске салсак, 13-августта премьер-министрдин буйрутмасы менен ички иштер министрлигинин орун басары Курсан Асанов ээлеген кызматынан бошотулган.

 
Эң көп окулган жаңылыктар