13:55
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Икрамидин Айткулов: Жунушалиев менен Опумбаев президентке каршы иштеши мүмкүн

УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев менен ИИМнин башчысы Кашкар Жунушалиев президент Сооронбай Жээнбековдун Алмазбек Атамбаевди кан төкпөй кармап келүү буйругуна каршы иштешкен. Бул тууралуу Курсан Асановдун жактоочусу Икрамидин Айткуловдун президентке кайрылуусунда айтылат.

Ал кайрылууда Опумбаев менен Жунушалиев Алмазбек Атамбаевди суракка алып келүүдө мыйзамдуу чараларды көрбөгөндүгү айтылат.

«Өздөрүнүн кесипкөйсүздүгүнүн айынан мыйзамдын сакталышын камсыздаган эмес. Алдын ала соттун санкциясын алышпай, алтургай жеке турак-жайга кирүүгө жол берген шашылыш тинтүү жөнүндөгү тергөөчүнүн токтомун чыгарып алышкан эмес», — дейт жактоочу.

Айткулов, укук коргоо органдарынын жетекчилери президент Сооронбай Жээнбековдун Алмазбек Атамбаевди кан төкпөй алып келүү буйругуна карабай, үчүнчү жактардын кызыкчылыгында иш алып барганын айтат.

«Азыркы бийликке карата нааразычылыкты күчөтүү максатында мурдагы президентти тирүү кармоону көздөшпөгөн да болушу мүмкүн. Мындай версия башка жагдайлар менен бирге 2019-жылдын 8-августунда Жунушалиевдин Атамбаевди күч менен кармоо тапшырмасын берип, анын бул командасы жоготууларсыз ишке ашпашына көзү жеткендиктен түз жооптуу болуудан качуу максатында кызматтык автоунаасы менен Атамбаевдин үйүнөн чыгып кетүүгө аракет кылганы менен да далилденет», — дейт Айткулов.

Жунушалиев Курсант Асановдун рация аркылуу Атамбаев өз ыктыяры менен багынып бергени жөнүндө кабарлаган билдирүүсүнөн кийин кайра кайтып келген

Икрамидин Айткулов

Икрамидин Айткулов буз арызды текшерүүнү, Опумбаев менен Жунушалиевди кызматтан четтетип, жоопкерчилигин кароону өтүнөт.

Эң көп окулган жаңылыктар