07:42
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Курсан Асановдун уулу издөөгө алынды

Ички иштер министринин мурунку орун басары Курсан Асановдун уулу издөөгө алынды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, 22 жаштагы Мухаммед-Али Асановго сыртынан үй камагына алуу тууралуу бөгөт чарасы тандалды. Ал кызмат абалынан пайдалангандарга катыштыгы бар делип шектелүүдө.

«8-августта Курсан Асанов кылмыш иши боюнча мааниси бар делген тастыктоочу буюмдарды, документтерди мыйзамсыз берүүнү уюштурган. Ал мунун баарын Алмазбек Атамбаевдин үйүнөн алып чыккан. Курсан Асановдун айдоочусу Пайзылда уулу Дамирбек 8-августта саат 21:00 менен 21:15 ортосунда ТИМдин имаратынын алдынан Курсан Асановдун көрсөтмөсү менен жогорудагы буюмдарды Мухаммед-Али Асановго берген. Кийин документтерди Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарына беришкен. Кылмышка катыштыгы бар жарандардын өздүгү такталууда», -деп билдиришти Башкы прокуратурадан.

Эң көп окулган жаңылыктар