20:24
USD 88.57
EUR 95.33
RUB 0.97

Курсан Асанов 23-февралга чейин үй камагында калтырылды

Биринчи май райондук соту ИИМ башчысынын мурунку орун басары Курсан Асановдун баш коргоо чарасы тууралуу маселени карады.

Маалыматка ылайык, Курсан Асанов 23-февралга чейин үй камагында калтырылды.

Эске салсак, 13-августта премьер-министрдин буйрутмасы менен ички иштер министрлигинин орун басары Курсан Асанов ээлеген кызматынан бошотулган. 

«ИИМдин ички иликтөө кызматы 7-8-августтагы окуялардын жүрүшүндө массалык башаламандыктардын алдын алууда, коомдук коопсуздукту сактоодо, Алмазбек Атамбаевди кармап алып келүүгө багытталган иш-чаралардын жүрүшүндө ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун ишмердүүлүгү боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлдү. Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен милициянын кызыкчылыгын саткандыгы жана ага карата ишенимдин жок болгондугу аныкталгандыгы үчүн ИИМдин орун басарлык кызматынан Курсан Асановду бошотуу тууралуу сунуш берилген. Учурда кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына юридикалык баа берүү үчүн жиберилди», -деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар