09:01
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Милициянын кызыкчылыгын саткан. Курсан Асановдун ишин прокуратура иликтейт

Аскер прокуратурасы ички иштер министринин мурунку орун басары Курсан Асановдун кыргыз милициясынын кызыкчылыгын саткандыгы тууралуу ишин иликтейт. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жеке булак билдирди.

Маалыматка караганда, учурда «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

«Материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганы маалым. Алдын ала алынган маалыматка ылайык, Курсан Асанов маалыматтарды Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарына берип турган», -деп билдиришти өздүк булак.

Эске салсак, кечээ премьер-министрдин буйрутмасы менен ички иштер министрлигинин орун басары Курсан Асанов ээлеген кызматынан бошотулду.

«ИИМдин ички иликтөө кызматы 7-8-августтагы окуялардын жүрүшүндө массалык башаламандыктардын алдын алууда, коомдук коопсуздукту сактоодо, Алмазбек Атамбаевди кармап алып келүүгө багытталган иш-чаралардын жүрүшүндө ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун ишмердүүлүгү боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлдү. Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен милициянын кызыкчылыгын саткандыгы жана ага карата ишенимдин жок болгондугу аныкталгандыгы үчүн ИИМдин орун басарлык кызматынан Курсан Асановду бошотуу тууралуу сунуш берилген. Учурда кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына юридикалык баа берүү үчүн жиберилди», -деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума