«Академия-Лидер» футболдук командасы жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу Кыргыз премьер-лигасынын уюштуруу комитетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 21-августта команда мелдештен кийин үйгө кайтып келе жатышкан. Ош-Бишкек жолунан кичи автобус кырсыктап, кесепетинен 22 жаштагы футболчу Илич Иманбеков каза болду.
«Калган балдар ар кандай жаракат алышты, алырдын жашоосу коркунучта эмес», -деп билдиришти уюштуруу комитетинен.