09:16
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Чемпиондор лигасы. Жарым финалга чыккан командалар аныкталды

STU FORSTER/GETTY IMAGES
Фото STU FORSTER/GETTY IMAGES. «Манчестер Сити» жана «Реалдын» (Мадрид) беттеши

Чемпиондор лигасынын чейрек финалдык беттештери өткөрүлдү. Быйылкы турнирде жаңы жеңүүчү болот, деп билдирди РИА Новости.

Белгиленгендей, 2023-жылы турнирди уткан англиялык «Манчестер Сити» эки беттештин жыйынтыгында мадриддик «Реалга» утулуп калды.

Биринчи оюн бир жума мурун 3:3 эсебинде тең чыгуу менен аяктаган. Кечээ Манчестерде негизги жана кошумча убакытта да жеңүүчүнү аныкталган жок (1:1), ал эми пенальти сериясында «Реал» алдыга чыгып, эсеп 4:3 болду .

Жарым финалга германиялык «Бавария» дагы чыкты, анын күйөрмандары беттештин алдында шоу уюштурушту. Мюнхендиктер Лондондун «Арсеналын» 1:0 эсебинде утту (биринчи беттеш 2:2).

GETTY IMAGES
Фото GETTY IMAGES. Жарым финалга германиялык "Бавария" дагы чыкты

Жарым финалда «Бавария» «Реал» менен, дортмунддук «Боруссия» «Пари Сен — Жермен» менен ойнойт. Алгачкы беттештер 30-апрелде жана 1-майда, жооптуу оюндар 7-8-майда өтөт.

Эң көп окулган жаңылыктар