USD87.45EUR97.92RUB1.02
24.kg

Кыргызстандын футбол курамасы ФИФАнын рейтингинде алты позицияга артка кетти

11:21, 16 февраля 2024, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы ФИФАнын рейтингинде 104-орунга түштү. Жаңыланган тизме эл аралык федерациянын сайтына жарыяланды.

Курама команда бул жолку рейтингде алты позицияга артка кетти.

Рейтингде жалпысынан 211 курама бар. Алдыңкы бештикте Аргентина, Франция, Англия, Бельгия жана Бразилия турат.

Эске салсак, Катарда өткөн Азия Кубогунда Кыргызстандын курамасы тайпадан чыкпай, акыркы орунду алган.

Кыргызстандын аялдар курама командасы 188 кураманын арасынан 128-орунда турат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика