Бишкекте Кыргызстан менен Кытай Тайбэйинин курама командаларынын ортосунда боло турган футболдук беттешке байланыштуу эки көчө жабылат. Бул тууралуу Патрулдук милиция башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Саат 14:00дөн баштап оюн аяктаганга чейин:
- Тоголок Молдо көчөсү Чүй проспектисинен Фрунзеге чейин;
- Фрунзе көчөсү Манас проспектисинен Панфиловго чейин жабылат.
Бишкектин Патрулдук милициясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, маршрутту алдын ала тандап алууну өтүнөт.
Эскерте кетсек, 26-мартта саат 20.00дө Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан менен Кытай Тайбэйинин футбол боюнча улуттук курама командаларынын беттеши өтөт. Оюн 2026-жылы боло турган дүйнө чемпионатына тандоо турунун экинчи айлампасынын алкагында орун алат.