19:38
USD 88.66
EUR 94.91
RUB 0.96

АФК Кубогу. «Абдыш-Ата» футболдук клубу «Тайчунг Футурону» ири эсеп менен жеңди

Кечээ АФК Кубогунун плей-офф баскычында «Абдыш-Ата» футболдук клубу Кытай Тайбэйинин «Тайчунг Футуро» командасын 5:0 эсебинде утуп алды. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу социалдык тармактарда билдирди.

Голду Кайрат Жыргалбек уулу, Эрнист Батырканов, Магамед Узденов, Мирбек Акматалиев жана Теймур Чарыев киргизди.

Командалардын жооптук беттеши 13-мартта Гаосюнь шаарында (Кытай Тайбэйи) өтөт.

Эң көп окулган жаңылыктар