01:59
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Кыргызстандын футбол курамасы Кытай Тайбэйин жеңди

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы 2026-жылы боло турган дүйнө чемпионатына тандоо турунун алкагында Кытай Тайбэйине каршы ойноду. Kyrgyz Sport TV каналы оюнду түз алып барды.

Беттеш 5:1 эсебинде Кыргызстандын командасынын пайдасына аяктады.

Белгилей кетсек, Жоэл Кожо хет-трик жасады.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын командасы биринчи беттеште утулуп, кийинки үч беттеште жеңишке жеткен.

Белгилей кетсек D тобуна Кытай Тайбэйи, Малайзия жана Оман кирет. Эки мыкты курама команда дүйнөлүк чемпионатка тандоо турунун кийинки баскычына чыгат.

Эң көп окулган жаңылыктар